Биз менен байланышыңыз

Юристанбек Шыгаев кызматынан кетет

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 975 | 0

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев кызматынан кетет. Эл сүрөтчүсү Маданият, маалымат жана туризм министрине арыз бергенин министр Азамат Жаманкулов «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, атайын түзүлгөн комиссия Шыгаевдин музейдеги сүрөттөрдү алганын аныктаган.

«Ишти иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын аныктамасы боюнча Шыгаев сүрөттөрдү алганы чын болуп чыкты. Аны өзү да мойнуна алды. Комиссиянын курамына көрүнүктүү сүрөтчүлөр, министрликтин кызматкерлери, кайра жасалгалоочулар кирген. Бизге бул боюнча арыз келип түшкөн. Учурда комиссия бул фактыны карап жатышат. Юристанбек Шыгаев өзү кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Менде турат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы бүгүн кечинде чыгат», — деди министр Жаманкулов.

Эске сала кетсек, директор Юристанбек Шыгаев музейден Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган «Лошадь с собакой», жана «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрдүн түп нускасын алып, аны бузулган абалда кайтарган.

Эмгектерди Шыгаев көчүрмөсүн жасоо үчүн алганын, аларды кайра калыбына келтирерин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM