Биз менен байланышыңыз

Масалиев: Жаңы жылга чейин жаңы өкмөт дайындалат

Кыска кабар , Пикирлер | 30 мая 2019 | 591 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Марал» радиосуна берген маегинде жаңы жылга чейин бир топ министрлер кетип, жаңы өкмөт дайындаларын билдирди.

Анын айтымында, бийлик түзүмдөрүн бекемдөөнү кааласа, таттыктуу шайлоо өткөрүү үчүн күчтүү өкмөт дайындайт.

Учурда президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди сактап турат.

«Президенттин бийлик бутактарын чакырып, «ынтымакта жашагыла» деп айтуусу, «ШКУнун саммитине карата өлкөдө дүрбөлөң болбосун» дегенди туюнтканындай сезилет. Мындан улам, президент өтмөт башчыны сактап жатат деп айтсак адашпайбыз. Бирок өлкө башчынын: «коррупцияга жол берип, тууган-уруктарыңарды жумушка коё бергиле», — дегенин укпадым. Ошондуктан, президенттин каалоо-тилегин айрым фракция лидерлери түздөн-түз «кой, тийбе» деп түшүнүп, адашып жатышат», — дейт Масалиев.

Ал Абылгазиевдин жоопкерчилиги үчүн «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун күтүүнүн кажети жок экенин белгиледи.

«Комиссиянын жыйынтыгы кылмыш болсо, ага карата кылмыш ишин ачууга түрткү болот. Негизи мамлекеттик кызматкерлерде моралдык түшүнүк аз болуп жатат. Алар бул принципти колдонбойт», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM