Connect with us

Жээнбеков ЕАЭБ жыйынында бажыдагы аткезчилик темасын көтөрдү

Кыска кабар | 29 Май 2019 | 561 | 0

«ЕАЭБдин натыйжалуулугу анын мүчөлөрүнүн ортосунда дагы, үчүнчү өлкөлөр менен дагы бирдей атаандаштык шарттарды түзүү жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири курамдагы жыйынында.

Президент багыттардын бири катары санариптик күн тартибин ишке ашырууну атады. Бизнес жана мамлекеттик тармактар үчүн жалпы санариптик процессти түзүү зарылдыгын, 2025-жылга чейин Биримдиктин санариптик күн тартибин ишке ашыруу максатында мамлекет жана бизнестин биргеликте аракеттешүүсүн жактай турганын билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле, бирдиктүү эмгек ресурстарын түзүүнүн маанисин баса белгиледи. Биримдиктин эмгекчилеринин тең укуктуулугуна жетишүүдө чоң кадам болоорун жана эмгектенгендер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштерди улантуу зарыл экендигин айтты.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков акыркы мезгилде бажылык төлөмдөрдү жаап-жашыруу боюнча Кыргызстандын дарегине сын-пикирлер көбөйүп жатканын баса белгилеп, Биримдиктин тышкы чек арасында бажы көзөмөлүнүн ачык-айкын жана калыс өткөрүлүшүнө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков жалпы электроэнергетикалык рынокту жөнгө салуу боюнча бир органды түзүүнүн максаттуулугун карап чыгууну сунуш кылды.

Copyright © 2017 Maral FM