Биз менен байланышыңыз

Касымбековдун азыркы бийлик боюнча билдирүүсүнө Президенттик аппарат үн катты

Кыска кабар | 29 мая 2019 | 538 | 0

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбековдун «Маралга» берген маегинде азыркы бийлик мыйзамдарды бузганын, тактап айтканда, УКМКнын төрагалыгына талапкер сунуштоо кечиктирилип жатканын билдирген. Буга байланыштуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Наргиза Мансурова билдирүү жасады.

Маалыматта Башмыйзамдын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Өкмөт мүчөлөрүн, Коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин, ошондой эле, алардын орун басарларын дайындоо жана кызматтан бошотуу президенттин гана ыйгарым укуктарына кире тургандыгы айтылган.

Ал эми Жогорку Кеӊеш Өкмөттүн ишинин программасын беките турганы, Коргоо жана улуттук коопсуздук органдарынын жетекчилеринен башка Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктай турганы кошумчаланган.

Ошондой эле, Нурбек Касымбековдун коомчулукка жарыялаган маалыматы туура эместиги, УКМКнын төрагасын дайындоо президенттин өзгөчөлөнгөн ыйгарым укуктарынын бири экени маалымдалган.

Мындан сырткары, мындай нерселерди белгилөөдөн мурда Башмыйзамды кунт коюу менен окуп, изилдеп чыкса туура болмогун белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM