Биз менен байланышыңыз

Ушул жылдын 20-майына чейин 269 кылмыш иш катталды

Кыска кабар | 29 мая 2019 | 435 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 269 билдирүү жана арызды каттаган. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору Кумар Байдылдаев билдирди.

Ал берген маалыматка таянып айтсак, 1-январдан 20-майга чейин 269 иш катталган. Анын ичинен 36 иш сотко жиберилген, 48 иш өндүрүштөн кыскартылган, 19 иш кылмыштын белгилери тастыкталгандыктан, тергөө бөлүмчөлөрүнө өткөрүлгөн, калган 165 иш боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM