Биз менен байланышыңыз

Чек арадан жашынып өтөм деген жаран кармалып калды

Кыска кабар | 29 мая 2019 | 465 | 0

Чек арачылар «Чоң-Капка-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген Кыргызстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн аталган чек ара жайына «FORD-TRANSIT» унаасы келген. Аны текшерүүгө алганда арткы отургучуна жашырылган 29 жаштагы жаран табылган. Айдоочу аны паспорт көзөмөлүнөн жашырып алып өтүүгө аракеттенген.

Чек арачылар кармалган жаранга өлкөдөн сыртка чыгууга сот тарабынан тыюу салынганын аныкташкан.

Тийиштүү документтер толтурулуп, шектүү күч органдарына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM