Биз менен байланышыңыз

Бактиев: Сырттан кирген ундун сапаты көзөмөлдөнбөй жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 29 мая 2019 | 575 | 0

Бишкек ун комбинатынын директору Жумгалбек Бактиев «Марал» радиосуна берген маегинде эгерде өндүрүшчүлөр иштебей калса, буудай аңызынын аянттары кыскарып кетерин билдирди.

Анын айтымында, буудай аңызы көбөйүп, түшүм мол алынса, ун комбинаттары үчүн да жакшы болот.

«Аткезчиликти токтотуп, бирдей шарт түзүлмөйүнчө, жергиликтүү ун өндүрүүчүлөр иштей албайт. Жергиликтүү унга кепилдик бере алабыз, биз кошулмаларды кошпойбуз. Байытылган ун гана пайдаланылышы керек деген талап бар. Бирок өлкөгө сырттан байытылган же байытылбаган ун кирип жатканына көзөмөл болбой жатат», — дейт Бактиев.

Ал Кыргызстанга буудайдын 90 %ы сырттан ташылып келерин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM