Биз менен байланышыңыз

Комитет Беларусиядагы элчиликке Эрмек Ибраимовдун талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 863 | 0

Бүгүн, 28-майда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Беларусиядагы жана ишти айкалыштыруу боюнча Минск шаарындагы резиденциясы менен Латвия жана Эстониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчисин дайындоо маселеси каралды.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев аталган кызматка Эрмек Ибраимовдун талапкерлигин сунуштады.

Жогорку Кеӊештин тармактык комитети Эрмек Ибраимовду Кыргызстандын Беларусиядагы жана ишти айкалыштыруу боюнча Минск шаарындагы резиденциясы менен Латвия жана Эстониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындоого көпчүлүк добуш менен макул болушту.

Copyright © 2017 Maral FM