Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков иш сапары менен Нур-Султанга учуп кетти

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 500 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынына катышуу үчүн 2 күндүк иш сапары менен Нур-Султан шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди .

Иш сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана эл башы Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелер боюнча маселелерди талкуулоосу пландаштырылууда.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны тар жана кең чөйрөдө өтөт, жыйындын жүрүшүндө жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү 20дай документти талкуулоо жана кабыл алуу пландалууда.

Эске салсак, 2015-жылдын 12-августунда Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекет болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM