Биз менен байланышыңыз

«Президентин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө мыйзам туура эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 мая 2019 | 426 | 0

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде «Кыргызстандын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын 70 %ы экс-президенттин ишмердүүлүгү тууралуу жазылганын, мындан улам аталган мыйзам туура эместигин билдирди.

«Экс-президент кайсыл жерде жашап, жан багышы керектигин, айтор, баарын майда-чүйдөсүнө чейин жазып коюшкан. Демек, ал мыйзам туура эмес. Мыйзамдар мындан 20 жыл мурда эле эл үчүн эмес, өзүн элита сезген адамдар үчүн жазылып келген. Ошондуктан, бул мыйзамды карап көрүш керек. Конституциянын 60-беренеси боюнча президент эң жогорку саясий кызматта отурат. Андыктан, саясий мамилелерди жөнгө сала турган мыйзам керек. Бир эле киши үчүн беренелерди өзгөртүп коюудан көйгөй чечилбейт. Жалпы мыйзамдарга текшерүү жүргүзүү зарыл», — дейт Бөрүбашев.

Анын баамында, Президенттик Аппарат өкмөттү да, сот системасын да тескеп жатат.

«Мыйзамга ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн ички саясатын аныктай албайт. Бирок ага карабастан, бардык маселелерге киришип жатат. Мыйзамды жалгыз гана президент эмес, баары чогулуп бузушууда. Андыктан, жамааттык жоопкерчилик болушу керек», — дейт Бөрүбашев.

Copyright © 2017 Maral FM