Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Атамбаевдин саясий укугу толук чектелген жок

Кыска кабар , Пикирлер | 28 мая 2019 | 417 | 0

Экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзамдын кабыл алынуусу менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саясий укугу толук чектелген жок. Анын активдүү жагы гана чектелди. Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мыйзамды кабыл алууда Башмыйзамдын 6-беренеси бузулган эмес. Анткени, Конституциянын 6-28-беренесинде жаңы милдеттер жана оорлотулган жоопкерчилик жөнүндө айтылат. Эгерде жаңы милдет пайда болуп, жоопкерчилик оорлошуп кетсе, мыйзам артка колдонулбайт. Ал эми экс-президент макамы жаңы милдет, оорлотулган жоопкерчилик эмес.

«Корруцпия» беренеси 2007-жылдан бери бар. Мындан улам, эгерде айыбы болсо, экс-президенттерге коррупция боюнча иш козгоого болот.

«Саясатчылар кыйын экен, кол тийбестикти Атамбаевге такап коюшту. Саясатчылардын саясий маданияты дагы эле калыптана элек экени көрүнүп турат. Уурдап, жеп, 5-6 жыл алдайт да, кайра эле шайлоого келе беришет. Европада сүйлөгөн сөзү туура эмес болуп калса, кызматкер сөзсүз жумуштан өзү эле кетип калат. Кыргызстанда президенттер байлыгына таянып, кайра-кайра саясатка келе берет. Эгерде шайлоо таза болсо, эл ким кандай иштегени боюнча чечим кабыл алып коймок. Эл чече албайт, андыктан, Ак үйдөн өзүбүз чечип коёлу деген маселе», — дейт Бөрүбашев.

Анын баамында, бийликтин кол тийбестиги абсолюттук жана кызматтык болуп экиге бөлүнөт. Абсолюттук түрү — монархиялык мамлекеттерге тиешелүү.

«Бизде Башмыйзам боюнча кызматтык кол тийбестик иштеп жаткан президентке, эл өкүлдөрүнө жана сотторго гана тиешелүү. Ал эми экс-президенттин кол тийбестиги башка нерсе. Кол тийбестик – жарандын жана кызмат абалындагы адамдын укуктук статусу. Мындан улам, бул баарыбызга таандык. Учурда баарыбыздын кол тийбестигибиз бузулуп жатат. Бирок бийлик бул боюнча үн катпайт. Ал эми өздөрүнө келгенде, ызы-чуу болуп калышат», — дейт Бөрүбашев.

Ал мындан сырткары, эл өкүлдөрү люстрация боюнча мыйзам иштеп чыгышы зарыл экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM