Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Экс-президенттерге кол тийбестик берилбеши керек

Кыска кабар , Пикирлер | 28 мая 2019 | 535 | 0

Экс-президенттерге кол тийбестик берилбеши керек. Анткени, ал кызмат эмес. Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Экс-президенттерге социалдык кепилдиктер керек. Биз бир адамдын кызыкчылыгын коомдун кызыкчылыгынан жогору коюп, Башмыйзамды бузуп жатабыз. Конституциянын башкы принциби демократиянын принциптерине дал келбей жатат. Андыктан, экс-президенттердин кол тийбестикти толук алып салуу зарыл», — дейт Бөрүбашев.

Анын айтымында, экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзам 2003-жылы саясатчылардын соодасынан улам келип чыккан.

«Аскар Акаевди кызматтан кетире албай, сизге абсолюттук кол тийбектик беребиз деп алдашкан. Ошентип, мыйзам туура эмес кабыл алынган. Аныдктан, экс-президенттерге кол тийбестик берүүнүн кажети жок. Эгерде кызматынан кыянаттык менен пайдаланган учурлар болсо, экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзамы артка иштей берет», — дейт Бөрүбашев.

Copyright © 2017 Maral FM