Биз менен байланышыңыз

«2020-жылкы парламенттик шайлоо эң кымбат болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2019 | 1555 | 0

2020-жылкы парламенттик шайлоо эң кымбат шайлоо болот. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын баамында, алдыдагы парламенттик шайлоодо бир партиядан 20 млн. доллар коротулушу мүмкүн. Анткени, босого упай 9 %дан түшпөйт. Аны түшүрүүгө азыркы парламенттин дарамети жетпейт.

«Кыргызстандагы кландар, олигархтар акча берип парламентке келүүгө аракет жасайт. Хандын адилеттүүлүгү элдин калыстыгынан башталат. Эл 2020-жылы жакшы парламент шайлай алса, президенттин айткандары суу кечпейт. Ал номиналдуу фигура гана болуп калат. Биз парламенттик башкаруу системасындабыз, бирок ал миссияны президент аткарып жатат. Башкача айтканда, ыйгарым укуктарыбызды бирөөнө берип коюп отуруп калдык. Парламентин бул кылганы туура эмес», — дейт Калмаматов.

Copyright © 2017 Maral FM