Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш: Бюджеттин эсебинен каражат сатып алууга 3 жылдык тыюу салынат

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 437 | 0

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «Кыргызстандын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамдын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу Жогорку Кеңештин 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 2730-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтомун жактырды.

Демилгечи депутат Мурадыл Мадеминовдун айтымында, мамлекеттик органдардын бюджеттик каражатка автоунааларды, уюштуруу техникаларын, эмеректерди сатып алуусуна 3 жылга чейин тыюу салуу чаралары сунушталууда.

Депутат Акылбек Жапаровдун пикиринде, автомашиналарды сатып алууга тыюу салып, мектептер менен ооруканалардын эмерек сатылуусуна уруксат берип, автомашиналардан үнөмдөлүп калган каражаттарды курулушу бүтө элек мектептерге жумшоо керек.

Жыйынтыгында депутаттар автомашиналар менен эмеректерди сатып алууга тыюу салып, уюштуруу техникаларын сатып алууга уруксат берүү керек деген чечимге келишти. Ошондой эле, тыюу салуу мектептер менен ооруканалардын эмерек сатып алуусун чектебейт.

Copyright © 2017 Maral FM