Биз менен байланышыңыз

УКМК «Алмазбек Атамбаев кайтаруусуз калды» деген маалыматты четке какты

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 474 | 0

Айрым маалымат каражаттарында тараган, «Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевдин камалганы, экс- президент Алмазбек Атамбаевдин кайтаруусуз калды», — деген маалымат боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, мурдагы мамлекет башчы кайтаруусуз калды деген сөз чындыкка дал келбейт.

Ошондой эле, маалыматта «Мамлекеттик кайтаруу жөнүндө» мыйзамга ылайык, президентке, экс-президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, өкмөт башчыга, Жогорку Соттун төрагасына, Жогорку Кеңештин депутатынын өмүрүнө коркунуч жаралган учурда жана чет өлкөдөн жогорку кызмат адамдары келген учурда коргоочу бериле тургандыгы айтылат.

Мындан сырткары, УКМК экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчыларынын саны мурдагыдай эле кала берерин билдирген.

Эске салсак, 24-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев 5 жылга эркинен ажыратылган.

Copyright © 2017 Maral FM