Connect with us

Токтогазиев Айыл чарба министрлигине келсе, ишти эмнеден баштарын айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Май 2019 | 664 | 1

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин башкаруусун 100 % өзгөртүү керек. Бул тууралуу «Жашылчарба» агрохолдингинин жетекчиси Тилек Токтогазиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн реформа жасап, жаңы башкаруу системасын киргизүү зарыл. Болбосо, мамлекеттик башкаруу системасы СССРдеги бойдон өзгөрүүсүз келе жатат.

«Аны базар экономикасына түртүү зарыл. Ошондо ишкерлерге, дыйкандарга шарт түзүлмөк. Дыйкандар кедей болсо, баары утулат. Мындайда бара-бара ички өндүрүш жоголуп, азыктарды чет өлкөдөн ташып келүүгө туура келет. Анда тамак-аш коопсуздугун жоготобуз», — дейт Токтогазиев.

Маалыматка ылайык, Токтогазиев Айыл чарба министри кызматына келсе, аткара турган узак жана кыска мөөнөттүү пландары бар. Алгач ири көлөмдөгү өндүрүмдөрдү сатуу маселесин чечет.

«Дыйкандар өндүрүмдөрүн жакшы баада сатышына шарт түзүү зарыл. Бул боюнча соода маркеттери менен сүйлөшөбүз. Кыргызстандын өндүрүмдөрүн 12 % кошумча салыктан бошотуу сунушун киргизип жатабыз. Муну менен жергиликтүү өндүрүмгө артыкчылык беребиз. Азыр ортомчулар көп каражат табууда. Негизи дыйкан кирешени  көп алышы керек», — дейт Токтогазиев.

Анын баамында, дыйкан чыгымга учурабашы үчүн айыл чарба тармагында жаңы технологияларды колдонуу зарыл. Анын жардамы менен көп аянтты иштетип, өздүк бааны арзандатууга мүмкүнчүлүк болот.

Copyright © 2017 Maral FM