Биз менен байланышыңыз

Аба-ырайы: 27-майда айрым аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 26 мая 2019 | 481 | 0

«Кыргыз гидромет» борборунун билдиришинче, эртең 27-майда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,

Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 13…18,

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 13…18 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 9…11°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28° болот.

Copyright © 2017 Maral FM