Биз менен байланышыңыз

ШКУ өлкөлөрүнүн Медиафорумунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды

Кыска кабар | 25 мая 2019 | 476 | 0

Кечээ, 24-майда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин медиафоруму болуп өттү. Иш-чаранын соңунда катышуучулар атайын резолюция кабыл алышканын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Катышуучулар медиафорумдун жыйынтыгы боюнча:

  1. ШКУнун өнүгүү этабы маалыматтык технологиялардын активдүү өнүгүүсүнө жана коомчулуктун аң-сезимине жалпыга маалымдоо каражаттарынын таасиринин жогорулап турган учуруна туш келгендигин тастыкташты;
  2. Уюм баарына пайдалуу алаканы, тең укуктуулукту, өз ара кеңешип кабыл алынган чечимдерди жана көп түрдүү маданиятты сыйлоо сыяктуу «Шанхай духунун» баалуулуктарын эл аралык аренада иш жүзүнө ашыруу зарыл экендигин белгилешти;
  3. ШКУнун ишмердүүлүгү жөнүндө так жана таасирдүү маалыматтардын таратылышына, ШКУнун кадыр-баркын бекемдөөгө жана элдин ортосундагы достуктун чыңдалышына ар тараптуу кызматташтыкты алып барууда терең маани берүү керек деп эсептешти;
  4. Биргелешкен долбоорлорду, маалымат турларды, тематикалык семинарларды жана конференцияларды ишке ашыруу жана кеңири тажрыйба алмашуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттары ортосундагы кызматташууну бекемдөөнүн, ошондой эле, ШКУ өлкөлөрүнүн маалымат маселелерин тейлөөчү тиешелүү министрлик жана ведомстволор ортосунда өз ара кызматташуу деңгээлин жогорулатуунун зарылдыгын билдиришти;
  5. ШКУнун алкагында ЖМК чөйрөсүндө кызматташуу маселелерин жөнгө салуучу жана ШКУ өлкөлөрүнүн ЖМКнын өз ара байланышта иш алып баруусуна салым кошо турган таасирдүү аянт түзүү үчүн конкреттүү механизмдерди куруу маанилүү экендигин баса белгилешти;
  6. ШКУ өлкөлөрүндө маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөтүү актуалдуулугуна маани беришти;

Ошондой эле, ШКУнун ишмердүүлүгүн, анын маанилүү болгон иш-чараларын, анын ичинде 2019-жылдын июнь айында өтө турган Бишкек саммитин ар тараптуу чагылдыруу тууралуу бирдиктүү ойлорун ортого салышты.

Copyright © 2017 Maral FM