Биз менен байланышыңыз

ӨКМ Жалал-Абад мунай заводундагы өрттү өчүргөндөрдү сыйлады

Кыска кабар | 24 мая 2019 | 472 | 0

Жалал-Абад шаарындагы мунай иштетүүчү заводдогу өрттү өчүрүүдө эрдик көрсөткөн кызматкерлерге министрликтин мекемелик сыйлыктары тапшырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрнист Зиядинов, ардагерлер жана бир катар мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты.

Министр өз сөзүндө өрт өчүрүүчүлөрдүн 10-май күнү Жалал-Абад шаарындагы мунайды иштетүүчү заводдон чыккан өрттү өчүрүүдө чыныгы эрдик көрсөтүшкөнүн белгилеп, өмүрлөрүн тобокелге салып, кырдаалдан куткарганы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM