Биз менен байланышыңыз

Ири өлчөмдө аткезчилик менен күйүүчү май ташыган факт аныкталды

Кыска кабар | 24 мая 2019 | 558 | 0

Улуттук коопсуздук кызматынын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмү аткезчилик жол менен күйүүчү май ташыган фактыны аныкташты. Күйүүчү майды газдык конденсат түрүндө алып өтүп, милдетүү салыктан качуу аракетин көрүшкөн.

22-майда  жеке менчик мунай базада «Бишкек -1» темир жолу менен келген 3 вагон АИ-92 маркасындагы 180 тонна бензин кармалып, мунай базадан Чүй облусунун башка күйүүчү май бекеттерине жеткирилип турган факты аныкталган.

Мындан сырткары, ошол эле мунай базадан жасалма документтери менен күйүүчү май ташыган төрт автоунаа кармалган.

Эске салсак, 14-майда аталган мунай базага ушундай эле схема менен 700 тонна күйүүчү май алынып келинген.

Сотко чейинки изилдөөлөрдүн алкагында бул иш боюнча көзөмөл органдарынын кызматкерлери да текшерилүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM