Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Түндүк-түштүк альтернативдик жолунунун иши менен таанышты

Кыска кабар | 24 мая 2019 | 713 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түндүк-түштүк магистралында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов маалымдагандай, учурда долбоордун үчүнчү фазасы — узундугу 69,7 км Эпкин-Баш-Кууганды аймагындагы жолду салуу ишке ашырылууда. Жолду 2022-жылга карата аяктоо пландалган.

Өкмөт башчы масштабдуу инфратүзүмдүк объекттин маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү керектигин айтты.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде долбоордук аймактын 159,2-чакырымында тилкени тазалоо, өсүмдүк өскөн топурактуу катмарын жана жараксыз материалдардан арылтуу иштери башталган.

Бүгүнкү күнү 159,2-чакырымдан 142 км жердин бактары кыйылды. Ошондой эле 150,9-чакырымдан 151,2 жана 157 км чейин бактар кыркылып бүткөн жерлер тазаланууда.

Мындан тышкары 157,3-чакырымда жол бетин казып алуу жана кеңейтүү иштери жүрүүдө.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM