Биз менен байланышыңыз

Кара-Кулжада жардан кулаган унаада 4 киши каза болду

Кыска кабар | 24 мая 2019 | 427 | 0

Кара-Кулжа районунда унаа жардан улап, андагы жубайлар жана айылдаштары каза болду. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Окуя кечээ райондун Сары-Талаа аймагында катталган. Ичинде 4 кишиси бар «УАЗ» маркасындагы унаа 35 метрлик аскадан кулаган.

Милициянын аныктамасы боюнча, унааны башкарган 28 жаштагы жаран жубайы экөө жана 28 жаштагы дагы бир айылдашы кошо каза болгон. Ал эми 29 жаштагы дагы бир жүргүнчү райондук ооруканага жеткирилген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү эспертизалар дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM