Биз менен байланышыңыз

АКШ: Бороондун кесепетинен 3 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 24 мая 2019 | 541 | 0

АКШнын борбордук штаттарында бороон-чапкын болуп, 3 адам каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга таянып, Казакстандын «Хабар-24» маалымат агенттиги жазды.

Маалыматтарга ылайык, кечээ кечке жуук болгон катуу бороондон эң көп Миссури штаты жапа чеккен. Штаттын аймактарында электр зымдары үзүлүп, Жеферсон-Сити шаарынын айрым имараттары кыйроого тушуккан. Ал эми Оклахома, Канзас штаттарынын аймактарында ак жаан төгүп, суу ташкынын пайда кылган.

Эске салсак, АКШ штаттарындагы мындай бороон-чапкын, катуу нөшөр 20-майдан бери болуп жатат. Жергиликтүү метеорология кызматы билдиргендей, мындай алаамат 80 жолу катталган. Өткөн күндөрдө Айова штатында болгон бороондон 4 адам каза тапканы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM