Биз менен байланышыңыз

2019 — жыл Кыргызстанда спорттук мелдештерге бай жыл болот

Кыска кабар , Спорт | 24 мая 2019 | 475 | 0

Улуттук спорттук оюндар боюнча төрт жылда бир жолу болуучу спартакиада быйыл өтөт. Бул тууралуу Өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин орун басары Канатбек Арпачиев бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын 4-12-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда эл аралык Ысык-Көл оюндары өткөрүлөт. Оюнга КМШ өлкөлөрүнөн 2 миңден ашык спортчу катышуусу күтүлүүдө.

Канатбек Арпачиев кошумчалагандай, Ысык-Көлдүн жээгинде аралаш мушташ боюнча (рукапашный бой) Азия чемпионатын өткөрүү тууралуу сунуш түшүп жатат.

Талас облусундагы Эшим Кутманалиев атындагы стадиондо 1-июнда парамарафон өтөт. Ага 16 жаштан 28 жашка чейинки жарандар катыша ала турганы айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM