Биз менен байланышыңыз

«Супер-Инфо» гезитинин кожоюну алмашты

Кыска кабар | 24 мая 2019 | 754 | 0

«Супер Инфо» гезитинин башкы редакторлугуна Автандил Добулбеков дайындалды. Ошондой эле, Кылычбек Султан юридикалык кожоюндуктан кеткенине байланыштуу, Юстиция министрлигине гезитти кайра каттоо тууралуу арыз берилди. Бул тууралуу гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султан билдирди.

Кылычбек Султандын айтымында, учурда гезиттин негиздөөчүлөрү болуп, анын жубайы Мээрим Султан жана уулу эсептелет.

«Юридикалык жактан гезитке менин тиешем жок. Бирок, көптөн бери өнөктөш табуу ниетим бар болчу. Акыркы убакта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын текшерүүлөрү, соттук териштирүүлөр болду. Мамлекеттик машина мен ТИМдеги сырды айткандан кийин, мага каршы болуп калышты. Басым менин үй-бүлөмө да тийди. Жакындарымды кошо тарта бербей, гезитти башкага каттатууну чечтим», -деди ал.

Ал жаңы кожоюндун ысымын ачыктаган эмес. Деген менен гезиттин жаңы кожоюну анын алыскы тууганы боло турганын билдирген. Ошондой эле, ал алдыда боло турган парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин айтат.

Copyright © 2017 Maral FM