Биз менен байланышыңыз

«Супер-Инфонун» сурагы: тартиппи же кысымбы?

Коом | 18 Мар 2019 | 1089 | 0

 Бүгүн, 18-мартта «Супер-Инфо» гезитинин жетекчиси Шайиста Шатманова Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына чакырылды. Буга «ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калган туура эмес маалымат негиз болгон.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматкери Анастасия Пискур билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын январь айында мекемеге Т. Насыкулов аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал «ЖМКны колдоо борбору» коомдук фонду менен гезиттердин экономикалык ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүнүп, «гезиттин нускасы тууралуу сайтта көрсөтүлгөн маалымат менен гезиттин өзүндө жазылган сандын ортосунда олуттуу айырмачылык» бар экенин айткан.

Арыз сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  Кыргыз Республикасынын «Жоруктар жөнүндө» кодексинин 113-беренеси боюнча катталган. 30-январда Биринчи май райондук прокуратурасынан «ЖМКларды колдоо борбору» коомдук фондунун экономикалык ишмердигин текшерүүгө уруксат алынган.

Салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгына салыктык мыйзамдардын сакталышына жана салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысына салыктык текшерүү жүргүзүү дайындалган. Сотко чейинки тергөө иштердин жүрүшүндө «ЖМКларды колдоо борборуна» негизги тапшырыктарды «Супер-Инфо» гезити бергендиги аныкталган.

Буга байланыштуу 26-февралда «Супер-Инфо» гезитинин экономикалык ишмердигине текшерүү жүргүзүүгө уруксат алынган.

— 11-мартта «Супер-Инфо» гезитин текшерүү учурунда аталган коомдун өкүлдөрү кызматташуудан баш тартып, зарыл документтерди бербей коюшкан. Мындан улам 13-мартта Салык кызматына зарыл документтерди талап кылуу тууралуу тапшырма берилген. Бирок «Супер-Инфонун» өкүлдөрү бил иш боюнча чындыкты аныктоого кызыктар болгон эмес. Алар уюмдун ичиндеги коррупциялык схеманы реалдуу ажыратуу жана бул багытта кызматташуунун ордуна иштин чыныгы абалы менен эч кандай байланышы жок маалыматтарды жарыялап, коомчулукту адашууга алып келип жатат. Муну негизсиз актануу деп атоого туура келет. Буга байланыштуу өлкө жарандарын Финансылык полициянын органдары “Супер-Инфонун” иштөөсүнө мыйзамсыз кийлигишип жатат деген сыяктуу үгүттөргө ишенбөөгө чакырат. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. 

Бирок Шайиста Шатманова Финансы полициясына сурак берүү учурунда Т.Насыкуловдун арызы менен таанышканын билдирди. Ал арызда «Супер-Инфо» гезити эмес «Шамбала» жана «Пирамида Плюс» гезиттери тууралуу сөз болгонун маалымдады. Шатманова мындай аракеттерди кысым катары баалап, гезиттин ишмердүүлүгүнө тыюу салуу аракеттери жасалып жатканын билдирди.

Мындан сырткары сурак негизсиз жүргүзүлгөнүн жана инспектор эмне себептен сурап жатканын далилдүү түшүндүрүп бере албаганын кошумчалады.

Башка эки гезит тууралуу жазылган арыздан улам «Супер-Инфону» бутага алып жатышат. Финполдун Жунусов аттуу ага инспектору Насыкуловдун арызынын негизинде Салык кызматы биздин гезитти текшерсин деген 2 токтом чыгарган. Биз аны мыйзамсыз деп, токтомдорду жокко чыгаруу боюнча Биринчи Май райондук сотуна кайрылганбыз. Бүгүн сот отуруму болду, бирок жыйынтык чыккан жок. Себеби прокурор иш менен толук танышууга убакыт сурады. Сот отуруму 19-мартка калтырылды.

Ал арада Финансы полициясынын имаратынын алдына «Супер-инфо» гезитин колдоо митинги дагы өттү. Анда жарандык активисттер, укук коргоочулар жана журналисттер гезиттин редакторунун суракка чакырылышына каршы чыгышты.

«Супер-Инфонун» негиздөөчүсү Кылычбек Султан президенттин аппараттынын буйругу менен жок жерден иш ачылып, бийлик андан өч алып жатканын айтты. Ошону менен бирге аталган гезиттин эмгек жамааты күрөштүн курмандыгы болуп жатканын белгиледи.

Мамлекеттик структураларда болуп жаткан туура эмес иштердин бетин ачыктаганым үчүн өч алуу болуп жатат. Ал түз же кыйыр түрдө болушу мүмкүн. Тагыраагы, мени колдогон адамдарга, жакындарыма басым аркылуу өч алуу болушу ыктымал. Бул окуяны өч алуунун бир бөлүгү деп кабыл алып жатам.

«Супер-Инфого» болгон текшерүүнү басылманын кожоюну Кылычбек Султанга карата жасалган кысым катары сыпаттоого болот. Мындай пикирин Журналисттик иликтоо фондунун жетекчиси Айбек Турдалиев билдирди. Ал эгерде Финансылык полиция мыйзамсыз көрүнүштөрдү, нускалардын ортосундагы айырмачылыкты карай турган болсо бир гана»Супер-Инфону» эмес, бардык гезиттерди текшериши керектигине токтолду.

— Финансы полициясы баардык ЖМКлардын ишмердүүлүгүн текшериши керек болчу. Бирок бул жерде тандалма жол болуп жаткандыктан муну саясий деп аныктасак болот. Кылычбек Султан бийликтегилерге сын пикир айтып, өзүнүн көз карашын билдирбегенде Финполдун «Супер-Инфого» карата жасап текшерүүлөрү коомчулукта талкууланмак эмес. Тагыраагы, башка ЖМКларда дагы текшерүү болсо мынчалык дэңгээлде талкууланып, ага саясий боёк беришмек эмес. Кыргызстанда ар дайым эле бийликтин оппоненти болгон тараптардын ишканаларына, ЖМКларды дагы оппонент катары эсептегенде, текшерүү, аларды суракка чакыруу иштери болуп баштайт.«Супер-Инфого» болгон текшерүүлөрдү да кысымдын бир түрү катары кароого болот. Бийлик муну менен башка ЖМКларды да сестентип, эгерде туура эмес жолго барсаңар силерди да да ушундай иш-чаралар күтөт дегендей сүрүн көрсөттү. Демократиялык мамлекет курулмайынча мындай көрүнүштөр кайталана берет. Демократиялык баалуулуктар жогору болуп эсептелген өлкөлөрдө ЖМКлардын кожоюнунун оюу менен жеке менчикке эч кандай байланышы жок болот. Кожоюн оппозициялык маанайдагы пикирин айтышы мүмкүн. Бирок булардын артында куугунтук катары аракеттер болбошу керек. Азыркы бийликтин аракеттерин куугунтуктоо катары кабыл алсак болот.  

Ал эми Сөз эркиндигин коргоо комитетинин мүчөсү, саясатчы Равшан Жээнбеков окуяны саясий куугунтук деп баалап, бийлик Финансы полициясы аркылуу “Супер-Инфого” басым жасап жатканын белгиледи.

Бул президент Сооронбай Жээнбековдун жана анын командасынын мамлекетте жаңы өнүгүп келе жаткан ЖМКларга, эркиндикке, демократияга болгон алгачкы басымы. Тилеккке каршы, эң таасирлүү ЖМКларга кысым көрсөтүп баштаганы бийликтин саясатына да, келечегине да терс таасирин тийгизет. Мен уят иш болуп эсептелет деп ойлойм.

Бирок медиа-эксперт Марат Токоев бул ойлорго кошулбайт. Анын баамында, азырынча окуяда саясий оюн бар деп айтууга эрте. «Супер инфо» кирешелүү гезит болгондуктан бул жерде башка кызыктар күчтөр болушу дагы мүмкүн. Эгерде басылма айрым себептерден улам экономикалык жактан начарлай турган болсо, анда башка гезиттер өнүгүүгө умтулбай калышы ыктымал.

-Башка басылмада бир аз байысам басып алышат экен деген ой жаралышы мүмкүн. Гезиттер бутуна тура албай турган кезде бул аракеттер жакшы жышаан эмес. «Супер-Инфо» бутуна турган кирешелүү гезит. Андыктан бул жерде саясий кызыкчылык эмес, басылманын материалдык абалына кызыктар күчтөр дагы болушу ыктымал. Гезиттин чарбалык иштери менен жакындан тааныш болбогондуктан бир нерсе деп айтуу дагы кыйын. Кандай гана себептер болбосун ЖМКнын иш алып баруучуна тоскоолдук кылуу сөзсүз түрдө кооптуулук жаратат.

Кошумчалай кетсек, 15-мартта «Супер-Инфо» гезити расмий сайтына Финполдун «редакция документтерди бербей жатат» дегени чындыкка дал келбей турганын жазып чыккан. Анда февраль айында  «ЖМКны колдоо борборуна» Салык кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анын чегинде “Супер-Инфо” гезитине салык кызматынын инспектору тосмо текшерүү менен келип, басмакана менен гезиттин ортосунда эч кандай эреже бузуулар жоктугун аныктап, тийиштүү акт жасап кеткенени айтылат.

Мындан сырткары, «ЖМКны колдоо борбору» коомдук фонду басмакана менен «Супер-Инфо» гезитинин нускасынын санында айырмачылыктар жок экенин маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM