Биз менен байланышыңыз

Кылычбек Султан: Атамбаев реалдуу оппоцизияны «өлтүрдү»

Пикирлер | 22 Ноя 2018 | 818 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда, реалдуу оппоцизияны «өлтүрдү». Мындай пикирин Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурунку элчиси Кылычбек Султан «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыр президент Сооронбай Жээнбековго оппозиция керек.

Кылычбек Султан өлкө башчы аны кечирсе, бийлик менен кызматташууга даяр экенин белгиледи.

«Азыр алдыга гана кетишим керек. Тагыраагы, эгер президент эмоция менен, атайы айткан сөзүмдү кечирсе, мендеги маалыматтын негизинде өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп кетишим керек. Ал эми өлкө башчы кабыл албаса, анда оппозиция менен болом. Мен ар дайым парламентке келгим келет. Саясаттан алыс болоюн деп “ЭрК” партиясынан чыккам. Бирок саясатка аралашмайынча, көп нерсени жасоо мүмкүн эмес экенин көрдүм. Азыр эми саясий көз карашым туура келген күчтөр менен биригүүгө даярмын»,-дейт Кылычбек Султан.

Copyright © 2017 Maral FM