Биз менен байланышыңыз

Сот «Супер-Инфо» гезитинин пайдасына чечим чыгарды

Кыска кабар | 19 Мар 2019 | 1392 | 0

Бүгүн, 19-мартта «Супер-Инфо» гезитинин жактоочулары жазган арыздын негизинде өткөн соттук отурумда, Биринчи май райондук соту «Супер-Инфо» гезитинин жактоочуларынын пайдасына чечти. Бүл тууралуу супер.кг сайты жарыялады.

Финполдун инспектору чыгарган токтомду сот жокко чыгарганын Шайиста Шатманова билдирди.

» Акыркы мүнөттөргө чейин үмүттөнүп күтүп турдук. Бирок ЖМК өкүлдөрү көп сот процесстеринен өтпөдүкпү. Акыркы учурда Кыргыз мамлекетинде резонанстуу чоң сот иштери жүрдү. Жактоочу тараптан киргизилген өтүнүчтөрдү сот канааттандырбай коюп жаткан. Ошол себептен бизде кооптонуу бар болчу. Сот туура чечим чыгарганына рахмат! Финполдун инспектору чыгарган токтомду жокко чыгарды«, — деди  Шатманова.

Кошумчалай кетсек, 18-мартта «Супер-Инфо» гезитинин жетекчиси Шайиста Шатманова Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына чакырылган. Буга «ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калган туура эмес маалымат негиз болгон. Бирок 18-мартта прокурор иш менен толук танышууга убакыт сурап, сот отуруму 19-мартка калтырылган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM