Биз менен байланышыңыз

«Фермердин паспорту» программасы ишке кирет

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 500 | 0

Кыргызстанда дыйкан-фермерлер үчүн «Фермердин паспорту» программасы ишке кирет. Бул тууралуу Айыл чарбасы, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Долбоордун максаты: заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен фермерлердин ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды чогултуу, талдоо жана болжолдоо аркылуу республикадагы фермерлер менен биргеликте иш жүргүзүү.

Демилгени ишке ашырууда айыл чарба жерлерин каттоо жөнгө салынат, чыныгы реалдуу сандар менен ачык статистика жетишилет.

Фермерлер үчүн «Фермердин паспорту» IOS, Android жана Windows платформаларында жеткиликтүү болгон, акысыз көчүрүп алып, колдонууга ылайыктуу мобилдик тиркеме түрүндө сунушталат.

Мамлекеттик түзүмдөр үчүн «Фермердин паспорту» — фермерлер жөнүндө жана алар колдонгон ресурстар, айдоо аянттарынын түзүмү, топурактын лабораториялык маалыматтары, ирригациялык системалар жөнүндө маалыматтар, фермердин айыл чарба ишмердүүлүгүнүн тарых баяны, түшүм жыйноо, маркалоо жана фитосанитардык сертификаттар менен сапат сертификаттарынын бардыгы тууралуу маалыматтар сакталган, иштеле турган жана талдоо жүргүзүлө турган сервер болот.

Мындан тышкары, «Фермердин паспорту» программасы аркылуу жалпы Кыргызстан аймагында вегетациялык индекс боюнча өсүмдүктөрдүн вегетация анализин жүргүзүү үчүн спутниктик монитринги ишке киргизилет.

Copyright © 2017 Maral FM