Биз менен байланышыңыз

Европа өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы долбоорлорду колдоого даяр

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 408 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) президенти Сума Чакрабарти менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өнүктүрүү долбоорлорун, анын ичинде суу чарба объектилерин модернизациялоо жана куруу, жалпы өлкө боюнча ирригациялык тармактарды кеңейтүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алышуу болду.

Мамлекет башчы өлкөнү 2040-жылга чейин Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында 20 млрд. доллар суммасында 249 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландаштырылып жатканын айтып, жумушсуздук менен миграциянын деңгээли кыскартыла тургандыгын баса белгиледи.

Европа банкынын президенти Сума Чакрабарти Кыргызстандагы долбоорлорду колдоого жана инвестициялардын көлөмүн жогорулатууга банк даяр экенин билдирди.

Кошумчалай кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы долбоорлорду колдоо үчүн жылына 15 млн. еврого жакын акча бөлүп турат жана аны 100 млн. еврого чейин көтөрүүгө даяр.

Copyright © 2017 Maral FM