Биз менен байланышыңыз

Президент таза сууга болгон тариф саясатына нааразычылык айтты

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 392 | 0

Бүгүнкү күнгө чейин тиешелүү мамлекеттик органдардын аракетине карабай, Кыргызстанда таза сууга болгон тариф саясаты өз нугуна түшпөй келет.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн “Аймактарга Таза Суу” форумунда сөз сүйлөп жатып белгиледи.

“Шаардык жана айылдык кенештер бул маселени “жергиликтүү” саясатка айландырып, таза сууну даярдоого, аны жеткирүүгө жана эксплуатацияга жумшала турган чыгымдарды жабууга багытталган тариф саясатын ишке ашырбай келүүдө. Мага берген маалымат боюнча республикада тарифтин чогулушу орто эсеп менен 80 пайыздан ашпайт.

Ушундай көрүнүш болуп турса, ичүүчү суу курулмаларын кантип сактайбыз?

Ичүүчү сууга болгон тарифти реформалоо-  бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу маселелердин бири болуп саналыш керек!, — деди өлкө башчысы.

Бул багытта Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, райондук мамлекеттик администрациялар, шаардык мэриялар жана айыл өкмөттөр — калктуу конуштардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзө албаганын президент кошумчалады.

“Эң негизгиси — мындан 3-5 жыл мурун курулуп, эксплуатацияга өткөрүлүп берилген ичүүчү суу курулмалары бузулуп, иштебей калгандыгы өкүнүчтүү.

Мындан тышкары, ар кандай шылтоолор менен Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тариф маселесин ченемдик-укуктук талаасында кароого жана чечүүгө кош көӊүл буруп келген”, — дейт президент.

Copyright © 2017 Maral FM