Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан Казакстанга жашылча-жемиш ташууга болгон чектөө алынып салынды

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 454 | 0

Казакстандын Айыл чарба министрлигинин Агрардык өнөр жай комплексинде Мамлекеттик инспекция комитети бүгүндөн тартып Кыргызстандан Казакстанга азыктык жана үрөндүк картошка, алма, курма ташууга тыюу салууну алып салды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Бул чечим ушул жылдын 28-февралында Нур-Султан шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Казакстандын премьер-министринин орун басары Жеңис Махмудулы Касымбектин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча кол коюлган протоколдун жана карантиндик фитосанитардык көзөмөл маселелери боюнча жол картасынын жыйынтыгында кабыл алынды.

Эске салсак, убактылуу карантиндик фитосанитардык чаралар 2019-жылдын 19-февралында казак тарап аркылуу киргизилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM