Биз менен байланышыңыз

Эстония Кыргызстанга сыйлык тапшырды

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 609 | 0

Кыргызстан «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутумун ийгиликтүү киргизгендиги үчүн Эстония Электрондук башкаруу академиясы (Е-GA)  тарабынан сыйланды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасы Эстония Электрондук башкаруу академиясынын жыл сайын өтүүчү конференциясына чакырылып, анда «Түндүк» маалымат алмашуу тутумун татыктуу киргизүүсү жана электрондук башкарууну илгерилетүүсү үчүн Кыргызстанга сыйлык тапшыруу чечимин бир добуштан кабыл алышты.

Кошумчалай кетсек, учурда 19 мамлекеттик органдын ортосунда маалымат алмашуу жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM