Биз менен байланышыңыз

Нурбаев: 10-11-класстарга сабактарды тандап окуу укугун берүү керек

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 952 | 0

Орто мектептерде 10-11-класстар үчүн сабактарды тандап окуй турган мүмкүнчүлүк берүү керек.  Мындай сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап жатып берди.

Анын белгилешинче, жогорку класстар үчүн 16-20 сабактын ордуна, өзүнө керектүү, келечектеги кесибине пайдасы тие турган 10 сабакты окуганы туура.

— Бардык сабакты мажбурлап окуткан туура эмес. Сабактардын баарын окуу кызыксыз болгону үчүн жогорку класстагылар мектепке келбей коюп жатышат. Ушул жылы сентябрда айлыкты көбөйткөн учурда, бул өзгөрүүнү да кошо киргизүү керек.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңеш «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап жатат. Аталган долбоордо окуучулар 10-11-классты окууга милдеттендирүү жана каалабаган учурда атайын коллеждерге окуу талабын коюу каралган.

Copyright © 2017 Maral FM