Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Пакистан кызматташтыгынын кеңейишине ишеним бар

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 417 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Пакистандын Тышкы иштер министри Махдум Шах Махмуд Куреши менен жолугушту.

Жолугушуу Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында кечээ болду. Бул тууралуу министрликтин маалыматтык департаменти билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, министрлер эки тараптуу саясий жана маданий-гуманитардык, анын ичинде аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыктын учурдагы деңгээлине оң баа беришти. Ошондой эле, экономикалык байланыштарды диверсификациялоонун, аймактык-энергетикалык жана транспорттук долбоорлорду ыкчам ишке ашыруу зарылдыгын айтышты. Ушундан улам, 2019-жылдын экинчи жарымында Бишкекте өтө турган Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун сапаттуу даярдоонун жана өткөрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Тараптар эки мамлекеттин элинин бакубаттыгы үчүн Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана достук мамилелерин бекемдөөгө ишенимин билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM