Биз менен байланышыңыз

Замирбек Аскаров: Маалыматтарга монополия болбойт

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 401 | 0

Кыргызстан «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгүнө мүчө катары маалыматтардын ачык болушуна жоопкерчилик менен мамиле кылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Сапаттуу экономикалык саясат үчүн сапаттуу маалыматтар» конференциясында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, маалыматтар анык, так, өз убагында берилип, актуалдуулугун жоготпой, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн суроо-талабын канааттандырууга тийиш.

«Демократиялык коомдо маалыматтарга мамлекеттик монополия болбойт. Өнүгүү процессине бардыгы: мамлекеттик мекемелер, активдүү жарандык коом институттары, жалпыга маалымдоо каражаттары, бизнестик ишкер чөйрө, серепчи-байкоочу коомчулук жана кызматташ өлкөлөрдүн потенциалдуу өнөктөштөрү тартылган. Дал ушинтип коомду өнүктүрүүгө мамлекет тургай, бардык жарандар да катышат», — деди Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр эске салгандай, «Ачык Өкмөт» өнөктөштүгүнүн алкагында кабыл алынган милдеттемелерди ишке ашыруу максатында 2018-жылдын 16-октябрында 2018-2020-жылдары Кыргызстанда Ачык Өкмөт куруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планы бекитилген.

Жыйынтыгында Замирбек Аскаров белгилегендей, Кыргызстан мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында маалыматтык технологияларды киргизүүгө, адамдык факторду жана өлкөнүн мамлекеттик органдарында коррупцияны кыскартууга өзгөчө маани берет.

Copyright © 2017 Maral FM