Биз менен байланышыңыз

Боронов мектептерди интернетке кошууну 1-июнга чейин аяктоону милдеттендирди

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 456 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Финансы министрлигине жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине санариптик трансформацияны ишке ашыруу үчүн тиешелүү органдарды каржылоо боюнча зарыл каражаттарды бөлүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу ал «Санариптик Кыргызстан» концепциясын жүзөгө ашыруунун жүрүшү тууралуу кеңешмесинде билдирди.

Аталган концепцияны уюштуруу техникасын сатып алуу зарылдыгынан улам, «2019-жылга карата республикалык бюджет жөнүндө» мыйзамын кабыл алуу учурунда демилгеленген уюштуруу техникасын сатып алууга мораторийди алып салуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды. Ошондой эле, ушул жылдын 1-июнуна чейин калган мектептерди интернет түйүнүнө кошууну аяктоо милдеттендирилди.

Кубатбек Боронов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине тесттик сыноолорду кыска мөөнөттө аяктоону жана кирүүчү-чыгуучу интернет трафикти эсепке алуу боюнча аппараттык-программалык комплексти киргизүүнү тапшырды.

Экономика министрлигине, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматына бул маселени жөнгө салган укуктук-ченемдик актыны бекитүү чараларын ыкчам тартипте көрүү тапшырылды.

Мындан тышкары Билим берүү жана илим министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги «Мектеп медицинасы — IT-бейтапкана» долбоорун баштоого токтоосуз киришүүсү керек.

Жолугушуунун жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов санариптештирүү боюнча ведомстволук пландарды иштеп чыгып, ыкчам тартипте киргизүүнү тапшырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM