Биз менен байланышыңыз

Кытайда унаа башкарган аял 13 кишини тепсетип кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 21 мая 2019 | 764 | 0

Кытайда жогорку ылдамдыкта келген унаа бир канча кишини сүзүп, 13 адамды тепсетип кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү полициянын билдирүүсүндө айтылганын ТАСС маалымат булагы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн Кытайдын Гуандун провинциясынын Тяньхэ районунун Гуанчжоу шаарында болгон. Жол чырактын кызылы жанып турганына карабай, жогорку  ылдамдыкта келаткан унаа жөө жүргүнчүлөр тилкесинен өтүп бараткан адамдарды сүзүп, айрымдарын тепсетип кеткен. Мындан сырткары, дагы эки унаа менен кагышкан.

Кырсыктан жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Алардын экөөнүн абалы оор дешет жергиликтүү ооруканын кызматкерлери. Элди тепсетип кеткен унаанын башкаруучусу кармалган. Ал 45 жаштагы аял болуп чыкты. Полиция кырсыктын себептерин аныктап жатат.

Copyright © 2017 Maral FM