Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: Саясий күчтөр, жердешчилик күчөп баратат

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2019 | 1583 | 0

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева «Марал» радиосуна берген маегинде өкмөт профессионал болушу керектигин билдирди.

Анын айтымында, олигархизация кооптуу тенденция. Анткени, капчыктуулар иштерди жең ичинен бүтүрүшү мүмкүн.

Бизнес саясат аркылуу өзүн калкалап жатат. Эгерде соттор жакшы иштесе, парламентке да, өкмөткө да бизнесмендер келмек эмес.

«Эки ынкылапты баштан өткөргөндөн кийин, бизде система тазара алдыбы? Саясий күчтөр, жердешчилик күчөп баратат. Кыргызстан сыяктуу кичинекей өлкөдө кайра эле ызы-чуунун башталып кетиши коркунучтуу. Ошол эле учурда жарандык коомдун активдүүлүгү кубантат. Жарандык коом, социалдык тармактын колдонуучулары кабыл алынган чечимдерге таасирин тийгизип жатат. Бул жакшы нерсе», — дейт Касымалиев.

Ал аялзатынын бийликке аралашуусунда жылыш токтоп калганын белгиледи. Бул пикирин айылдык Кеңештерде да аялдардын саны азайып баратканы менен бышыктады.

«Айылдык Кеңеште аялдардын квотасын көбөйтүү боюнча эреже киргизилип жатат. Парламентте да кеткен аял депутаттын ордуна кайра эле аял келерин карап жатабыз. Партиялардын тизмесине катуу талап коюлууда. Аялдар эмне себептен мэр болбойт?» — дейт вице-спикер.

Copyright © 2017 Maral FM