Биз менен байланышыңыз

«Вице-спикер болгондон бери эл менен жолугушууда чектелип жатам»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2019 | 448 | 0

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева «Марал» радиосуна берген маегинде вице-спикер болгондон бери эл менен жолугушууга убактысы чектелип калганын билдирип, кездешүүлөр алдыдагы парламенттик шайлоого даярдык эмес экенин белгиледи.

«Парламентке кеч келдим деп, иштерди бүтүрүүгө ашыгуудамын. Июль айын, тагыраагы эл менен жолугушуу убагын күтүп жатам. Вице-спикер катары депутаттардай ачууң менен сүйлөй албайсың. Бир гана тон өзгөрдү, фактылар менен сүйлөөгө үйрөндүм. Жалпы ЖКнын кызыкчылыгын коргоого көбүрөөк убакыт кетет. Журналист болуп жүргөндө сындоого, суроо берүүгө көп мүмкүнчүлүк бар болчу», — дейт Касымалиева.

Copyright © 2017 Maral FM