Биз менен байланышыңыз

«Айрым фракциялар өкмөттү кетирүүнү ачык айтып жатышат»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2019 | 476 | 0

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева «Марал» радиосуна берген маегинде «Ачык Өкмөт» долбоорунун катчылыгынын мурдагы жетекчиси Иманкадыр Рысалиевдин жүрум-туруму, уулунун «КТ Мобайл» компаниясына жогору айлык менен келиши толук сындоого татыктуу маселе экенин билдирди.

Анын айтымында, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кетирүү үчүн олуттуу себептер керек.

Акыркы окуялар өкмөткө көө сүйкөдү. «Ачык өкмөткө» карата ишенимди жоготуп жатат.

«Ушул жерден Рысалиевдин өкмөттү, Президенттик администрацияны жамынып, көп иштерге барганы көрүнүп турат. Окуянын укуктук жагын атайын кызмат анализдеп чыгышы керек. Рысалиев ыйгарым укугу жок эле чогулуш өткөргөн. Ошондой эле, Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевге да суроолорубуз көп. Депутаттык комиссиянын жыйынтыгы менен окуяга укуктук-юридикалык баа берилет. Парламенттеги оппозициялык фракциялар өкмөттү кетирүүнү ачык айтып жатышат», — дейт Касымалиева.

Ал белгилегендей, Рысалиев боюнча маалымат парламенттеги абалды курчутуп жиберген.

«Биз өкмөт туруктуу болсун, ишин аягына чейин чыгарсын дедик. Сынга көп кабылган министрликтердин жетекчилери кетет деген күтүү бар эле. Абылгазиев инсан катары жакшы иштеп жатат. Бирок чечимдер жай кабыл алынууда. Биз күтө берип чарчадык.  Мындай шашпоочулук кадр маселеси боюнча иштерде да орун алууда», — деди вице-спикер.

Copyright © 2017 Maral FM