Биз менен байланышыңыз

Зеленский Жогорку Раданы тарата тургандыгын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2019 | 767 | 0

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленскийдин бүгүн, 20-майда ант берип, президенттик кызматка киришти. Ант берүү аземи Украинанны Жогорку Радасында болуп өттү.

Кызматка отургузуу аземинен соң, сөз алган Зеленский өзүнүн жеңишин жалпы элинин жеңиши экендигин белгиледи. Ошондой эле, ал эң кыска убакытта Жогорку Раданын VIII чакырылышын тарката турганын билдирди.

Кошумчалай кетсек, Украинанын парламенттик шайлоосу ушул жылдын октябрына пландалып жатат.

Эске салсак, Зеленский Украинанын 6-президенти болуп шайланды. Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы 30-апрелде шайлоочулардын 73, 22 %ынын колдоосу менен расмий түрдө Зеленскийди жеңүүчү деп тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM