Биз менен байланышыңыз

Шашылыш эскертүү: Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 464 | 0

22-23-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Copyright © 2017 Maral FM