Биз менен байланышыңыз

Кытайдын Тышкы иштер министри расмий иш сапары менен Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 19 мая 2019 | 522 | 0

21-майда расмий иш сапары менен Кытайдын Тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин маалымат департаментинен билдиришти.

Ван Инин Кыргызстанга болгон иш сапарында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен кең чөйрөдө жолугушуусу болот.

Эки тараптуу жолугушуу протоколдук сүрөткө түшүү менен башталып, андан соң кең чөйрөдө жыйын өтөт.

Жолугушуунун аягында бир нече макулдашууларга кол коюу күтүлүүдө.

Жыйындын аягында жалпыга маалымдоо каражаттарына маалыматтык жыйын өткөрүшмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM