Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык тестиерлер Түркияда өткөн сынактан олжолуу кайтышты

Кыска кабар | 18 мая 2019 | 635 | 0

Түркиянын Бодрум шаарында өткөн тестиер кыздар жана балдардын эл аралык сулуулук сынагына Кыргызстандан 7 жашар Рамин Исламов, 10 жаштагы Хавина Исламова жана 11 жаштагы Маргарита Салюкова катышып, атайын сыйлыктарга ээ болушту. Бул тууралуу модель Айжамал Осмонова super.kg сайтына кабарлаган. 

Андагы маалыматтарга караганда, сынакка катышуу үчүн Украина, Казакстан, Орусия, Черногория, Түштүк Африка, Израиль жана Монголия өлкөлөрүнөн келген тестиер балдар жана кыздар 10 күн аралыгында подиумда басуу жана бий боюнча сабак алуу менен бирге, ар кандай иш-чараларга катышкан. 

Сынактын жыйынтыгында Хавина Исламова «Дүйнөнүн кичинекей сулуусу», Рамин Исламов «Дүйнөнүн кичинекей сымбаттуу мырзасы», Маргарита Салюкова «Дүйнөдөгү мыкты кичинекей фотомодель» наамдары менен сыйланышкан.

Copyright © 2017 Maral FM