Биз менен байланышыңыз

Президент жаш балет бийчиси Фарух Садыркуловду кабыл алды

Кыска кабар | 18 мая 2019 | 641 | 0

Бүгүн, 18-майда Президент Сооронбай Жээнбеков А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти, жаш балет бийчиси Фарух Садыркуловду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мамлекет башчысы Фарух Садыркуловду февраль айында Москва шаарындагы жаш аткаруучулардын классикалык, элдик-сахналык жана заманбап хореография боюнча IV эл аралык сынагында алган биринчи оруну, ошондой эле, Венгриянын Будапешт шаарында балет артисттеринин эл аралык сынагына катышып алган диплому менен куттуктады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Фарух Садыркуловго мындан ары да кыргыз элинин намысын эл аралык сынактарда көккө көтөрүп, өсүп келе жаткан жаштарга мыкты үлгү болоруна чын жүрөктөн ишенерин билдирди. Ага бекем ден соолук, чыгармачыл ийгиликтерди каалады.

Жолугушууга бийчинин апасы, бүгүн Президенттин «Ыраазычылык каты» менен сыйланган, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетиндеги «Хореография» кафедрасынын доценти Светлана Садыркулова да катышты. Мамлекет башчысы Фарухтун апасына сыймыктуу уулду тарбиялаганы үчүн ыраазычылык билдирип, жаш талантка мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Сооронбай Жээнбеков Фарух Садыркуловду Президенттин энчилүү сааты менен сыйлады.

Copyright © 2017 Maral FM