Биз менен байланышыңыз

Төө-Ашуудагы кырсыктан 5 адам жабыркады

Кыска кабар | 18 мая 2019 | 543 | 0

Бүгүн, 18-майда эртең менен болгон Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Алынган маалыматтарга караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында жайгашкан К. Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде Тойота-Ист жана Мерседес-Бенц автоунаалары кагышып, кырсыктан Тойота Ист автоунаасында бараткан 5 жүргүнчү жабыр тарткан. Куткаруучулар жабыркагандарды тоннелден чыгарышып, Тез жардам кызматы аркылуу Кара-Балта шаардык ооруканасына жеткиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM