Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: 5 адамдын өмүрүн алган BMWлар кагылышына шектүү камакка алынды

Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 483 | 0

Ысык-Көлдүн Сары-Камыш айылында 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыктын болушуна себепкер деп шектелген адам тергөө камагына киргизилди. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Анда айтылгандай, окуяга айыптуу деп шектелген БМВ-Х5 унаасынын айдоочусу ооруканадан чыгарылып, Каракол шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Дарыгерлер чыгарган корутундуга ылайык, айдоочунун оорудан сакайган. Ошондон улам ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери уланууда», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Эске сала кетсек, 30-августта кечке жуук Ысык-Көлдүн Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда BMW-Х5 унаасы менен BMW-523 үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. BMW-523 унаасында келе жаткан айдоочу төрт жүргүнчүсү менен окуя болгон жерден каза болгон. Алардын арасында 1 жаштагы наристе да бар болгон.

Copyright © 2017 Maral FM