Биз менен байланышыңыз

Арменияда аскер унаа оодарылып, 20 жоокер жаракат алды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 592 | 0

Арменияда аскер кызматкерлерин ташып бараткан «ЗИЛ» унаасы кырсыкка учурап, 20 киши жаракат алды.

Бул тууралуу өлкөнүн чукул кырдаалдар министрлигинин расмий сайтында айтылат.

Окуя  бейшемби күнү кечинде өлкө борбору Еревандан 370 чакырым алыстыктагы Сюникск облусундагы Меги-Цирани-Дзор унаа жолунда катталган.

«Аскер бөлүккө тиешелүү «ЗИЛ-131» унаасы жолдон чыгып, аска-жарга урунуп, оодарылып кеткен. Куткаруучулар 18 аскер кызматкерин «Мегри» медициналык борборуна жеткирди», — деп айтылат сайттагы кабарда.

Кырсыктаган аскер кызматкерлеринин абалы жакшы деп айтылууда.

Окуянын келип чыгышы иликтенип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM