Биз менен байланышыңыз

Улуттук Банк «Мобильник» электрондук капчыгынын лицензиясын кайтарып алды

Кыска кабар | 18 мая 2019 | 667 | 0

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы «Мобильник» электрондук капчыгына 2015-жылдын 29-майында берилген 2003290515  жана 3002290515 номурлуу лицензиясын кайтарып алды. Бул тууралуу кечээ, 17-майда Улуттук банк расмий сайтына жарыялады. 

Мунун себеби катары, Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын системалуу түрдө аткарбагандыгы көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, «Моменталдуу төлөмдөрдүн бирдиктүү системасынын» лицензиясы да убактылуу токтотулган.

«А бирок, лицензиялардын кайтырылып алынышы «Мобильник» ЖЧКсы өз милдетин аткаруудан бошотулду дегенди билдирбейт«, — деп маалымдайт Улуттук Банк. 

Эске салсак, Улуттук Банк «Мобильник» электрондук капчыгынын лицензиясын үстүбүздөгү жылдын февраль айында эле чектөөгө алган болчу. Мындан улам, көптөгөн компаниялар бул электрондук капчык менен иштешүүдөн баш тарткан.

Copyright © 2017 Maral FM